Депутат мектептерде жасалма интеллект сабактарын киргизүүнү сунуштады
Депутат жасалма интеллекттин негиздерин мектеп программасына киргизүү зарылдыгын белгилеп, бүгүнкү күндө ИИ дүйнөлүк экономикага, билим берүү системасына жана санариптик чөйрөгө активдүү таасир берип жатканын айтты.

Анын айтымында, бул багыттагы өзгөрүүлөрдү кечиктирүүгө болбойт, анткени келечекте атаандаштык жөндөмдүүлүк компьютерди колдоно билүү менен эле эмес, жасалма интеллектти түшүнүү менен да аныкталат.
«Эртең кеч болуп калбашы үчүн, бүгүн мектептерде жасалма интеллекттин негиздерин окутууну баштоо зарыл», — деди депутат.
Ал мектептерде адистер жетишпей жатса да, жок дегенде информатика сабагына жасалма интеллекттин элементтерин киргизүүгө болорун белгиледи. Ошондой эле балдарды технологияны жөн гана колдонууга эмес, аны туура жана коопсуз пайдаланууга үйрөтүү керек экенин кошумчалады.
Депутат жасалма интеллектти түшүнгөн муун эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болорун белгилеп, бул багыттагы билимдерди мектеп программасына киргизүү маселесин кароону сунуштады.