Байсалов: Добуштарды санаган автоматташтырылган системада мүчүлүштүк болгон эмес

Байсалов: Добуштарды санаган автоматташтырылган системада мүчүлүштүк болгон эмес

Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштарды санаган автоматташтырылган системасында мүчүлүштүк болгон эмес. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Эртең менен Президенттик администрация шайлоонун жыйынтыгын карап, кечээ эмне болгонун иликтеди. БШКнын сервердик системасында эч кандай мүчүлүштүктөр болгон эмес. Бул жерде жарыялоо таблицасында ката бар. Бул баракчадагы формула туура эмес болгон», — деп жазган.

Ошондой эле ал добуштар саналып бүтө электигин, расмий жыйынтык бюллетендер кол менен саналып чыккандан кийин жарыяланарын билгилеген.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-ноябрда БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калып, кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган. Жарышка катышкан айрым партиялар он миңдеген добуштары жок болуп кеткенин айтышууда.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>