Баткенде соода борбордон акча уурдаган эки өспүрүм кармалды

Баткенде соода борбордон акча уурдаган эки өспүрүм кармалды

Баткен шаарында соода борборунан акча каражатын уурдаган эки жашы жете элек бала кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан  “Антирэкет, зордук-зомбулукка каршы” аттуу иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында шаар аймагындагы ар бир орто мектептерде окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мектеп рэкетчилигине жол бербөө, жол коопсуздугун сактоо максатында балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Ата-энелер чогулуштары уюштурулуп, балдарды коргоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн ата-энелердин жоопкерчиликтери эскертилип, суроо-жооптор менен талкууланды.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-октябрынан 15-октябрга өткөн түнү белгисиз жарандар тарабынан Баткен шаарындагы соода борборунун айнегин сындырып, ичиндеги кассадан болжол менен 5000 сом акча каражатын уурдап кеткен фактынын бети ачылды.

Баткен ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун Катраң айылынын жашы жете элек эки бала аныкталып, кылмыштын изи сууй электе ошол эле күнү Баткен шаарынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул өспүрүмдөр буга чейин дагы 7 факт уурулук иштерин жасап жүргөнү аныкталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>