Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата почта маркасы чыгарылды

Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата почта маркасы чыгарылды

Байтик баатыр Канай уулунун 200 жылдыгынын урматына почта маркасы чыгарылды. Бул тууралуу «Кыргыз почтасы» ААК маалымдады.

Маалыматка караганда, марка Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын утурлай чыгарылган. Маркалардын даанасы 76 сом.

Быйыл эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына жана Байтик баатыр Канай уулунун 200 жылдыгына арналган салтанат Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жатат.  

Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Байтик баатыр Канай уулу (1820-1886) — солто уруусунун чоң манаптарынын бири, Чүй өрөөнүндө туулган. Байтик баатыр кыргыз элинин эсинде баатыр бойдон калды. Анткени, дал ошол 1862-жылы Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы куралдуу көтөрүлүштү жетектеп, бир убакта түндүк кыргыздарга Кокон хандарынан эркиндикке чыгууга мүмкүндүк берген.  Байтик баатыр 19-кылымдын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Россия империясынын карамагына өтүүсүнө жана Россия менен Кыргызстандын байланышын чындоого түздөн-түз салым кошкон.

1867-жылы солто, сарбагыш, саяк жана башка кыргыз урууларынын өкүлү катары падыша Александр Пнин кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Россия империясына кылган кызматы үчүн Байтике аскердик капитан даражасы ыйгарылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>