Сыноолорду биримдик менен жеңдик. Жээнбеков кыргыз элин куттуктады

Сыноолорду биримдик менен жеңдик. Жээнбеков кыргыз элин куттуктады

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Эгемендик майрамын утурлай, кыргыз элине куттуктоо жолдоду. Анын куттуктоосу фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

«Урматтуу мекендештерим, Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм!

Бул күн — кылымдар бою күрөшүп жүрүп, эркиндикке жетип, өз мамлекеттүүлүгүбүз кайра жаралган күн. Ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен керемет жерибизге өзүбүз толугу менен ээ болгон күн. Тарыхы терең, көрөңгөлүү кыргыз калкым, көп улуттуу элибиз эгемендигин дүйнөгө жар салган күн.

Коомдо ар кыл көз караштар, кайчы пикирлер болушу мүмкүн. Бирок мекенибиздин эгемендиги дегенде баарыбыз бир эл, бир журт катары чоң күчпүз. Тарыхтын татаал сыноолорун биримдик менен гана жеңдик, тоскоолдуктардан ынтымак менен өттүк. Мекенибиз бирөө – ал Кыргызстаныбыз! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок !

Өлкөбүздүн келечеги кең болсун! Ар бир үйдө тынчтык, мамлекетибизде өнүгүп-өсүү, улуттар аралык ынтымак болсун! Мамлекеттүүлүгүбүздү бир үй-бүлөдөй сактайлы. Майрамыңыздар менен!», — деп айтылат экс-президенттин куттуктоосунда.

Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанатту иш-чара өтүп жатат. Ага экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>