БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Бишкекте алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды
30.05.2023 | 10:35
Бишкекте алдамчылыкка шектүү катары чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 4-мартта милицияга А.К. аттуу жаран кайрылып, 2019-жылы 29-декабрда Пакистандын М.Д. аттуу жараны чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп 77 миң сом алып, алдап кеткенин билдирген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 57 жаштагы Д.А. аттуу Пакистандын жараны кармалган. Соттун чечими менен шектүү камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0707 10 55 55 жана 102 номери аркылуу кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз