Бала менен үйдө отурган энелердин убактысын эмгек стажына кошуу сунушу ишке ашабы?

Бала менен үйдө отурган энелердин убактысын эмгек стажына кошуу сунушу ишке ашабы?

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үйдө отурган энелердин убактысын эмгек стажына кошуу сунушун ишке ашырууну көзөмөл кылат. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге акыйкатчынын маалымат катчысы билдирди.

Анын айтымында, акыйкатчынын сунушун тийиштүү органдар карап чыгып, анда аркы ишти улайт.

“Негизи акыйкатчы сунуш берет, аны тийиштүү органдар карап чыгып, анда аркы ишти улайт. Бул жолу дагы аялдар укугу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде ушундай сунуш айтылды. Азыр коомчулук бул сунушту талкуулап, керектүү экенин билдирип жатат. Акыйкатчы бул сунуштун ишке ашышын дайыма көзөмөл кылып турат”, — деди маалымат катчы.

Белгилей кетсек, 11-июлда Бишкекте өткөн лидер аялдардын курултайында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аялдардын балдарын тарбиялап үйдө отурган убактысын эмгек стаж катары эсептөөнү сунуштаган.

Анда Жаманбаева балдарды тарбиялоо менен алектенген аялдардын укуктарын камсыз кылуу максатында КРнын эмгек кодексин кайра карап чыгуу зарыл экендигин айткан.

«Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, үйдө отуруп, бала багууга аргасыз болгон аялдарга мүмкүнчүлүк берип, бул убактысын эмгек стажы катары эсептөө керек», — деген акыйкатчы. 

Ошондой эле Жамиля Жаманбаеванын жакын арада чаралар көрүлүшү керек деп эсептеген сунуштары:

—  аялдардын жана эркектердин экономикалык иштин бардык түрлөрүнө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

— кичи жана орто бизнесте аялдарды ишке орноштурууга көмөктөшүү үчүн шарттарды түзүү;

— чакан жана орто бизнести ачуу үчүн пайызсыз насыяларды берүү;

— айылдагы жана шаардагы аялдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө стратегиясын иштеп чыгуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>