Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Баланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталды
19.08.2026 | 10:31

026/у формасындагы баланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду. Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору билдиргендей, биринчи этапта бул кызмат пилоттук режимде Нарын облусунда ишке киргизилди.
Маалыматка ылайык, эми ата-энелер тиркеме аркылуу баланын профилактикалык медициналык кароодон өткөн жыйынтыктарын, дарыгерлердин корутундуларын жана сунуштамаларын көрө алышат.
Мындан тышкары, кагаз түрүндөгү маалымкатты мектепке же бала бакчага колго алып баруунун кажети жок болот. Керектүү маалыматтар маалыматтык системалардын ортосунда автоматтык түрдө өткөрүлүп берилет.
026/у формасы — бул бала бакчага, мектепке, колледжге же интернатка кабыл алууда талап кылынган баланын медициналык картасы. Анда баланын профилактикалык кароолордон өткөндүгү, алган эмдөөлөрү жана ден соолугунун абалы тууралуу маалыматтар камтылат.