Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалды
19.08.2026 | 10:47

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда К.Ж. аттуу жаран ишенимге кирип, арыз ээсинин менчигиндеги батирди убактылуу өз атына өткөрүп алганы, андан соң аны үчүнчү тарапка сатып жибергени тууралуу маалымат берилген. Натыйжада жабырлануучуга 4 млн 810 миң 892 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө 42 жаштагы К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда окуянын жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: алдамчылык, Бишкек