Баласын өлтүрүп кеткен энеге да “Баатыр эне” орденин берүү сунушталды

Баласын өлтүрүп кеткен энеге да “Баатыр эне” орденин берүү сунушталды

Кыргызстанда «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтин тексти Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жаныбек Кыдыкбаев.

Документтин негиздемесинде белгиленгендей, аталган мыйзам долбоордун максаты — «Баатыр эне» орденин жана «Эне даңкы» медалын алууда ата-энесинен көз каранды болбогон жагдайда каза болгон балдарды эсепке алуунун ченемин толуктоо болуп саналат.

Демилгечи депутат долбоордо көрсөткөндөй, акыркы мезгилде практика жүзүндө республикада экологиялык жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашына, жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу, кырдаал балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын күтүүсүз ар кандай оорулардан, жол-транспорт кырсыгында алган жаракаттардан болгон өлүм деңгээли өсүшүнө таасирин тийгизүүдө. Бул жагдайлар энелерди “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалын алуу үчүн мамлекеттик сыйлыктарга сунуштоодо да таасирин тийгизүүдө.

“Ушуга байланыштуу, бул мыйзам долбоору жол-транспорт кырсыгы сыяктуу белгилүү бир жагдайлардан улам жабыр тарткан, аларга көз каранды эмес оорулардан жана киши өлтүрүүлөрдөн балдары каза тапкан энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы мамлекеттик сыйлыгын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан”, — деп айтылат негиздемеде.

«Баатыр эне» наамын берүү жобосу өзгөрөт. Сунушталган өзгөртүүлөр

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>