Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге барды
27.01.2023 | 10:41
Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобу Баткен облусуна көчмө жыйын өткөрүү үчүн келди. Бул тууралуу парламенттин басма соз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки күнгө созула турган көчмө жыйынга Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттык топтун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Тазабек Икрамов, Чыңгыз Ажибаев, Максатбек Сарбагышев жана Нурлан Ражабалиев катышууда. Ошондой эле Министрлер кабинетинин тиешелүү өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.
Алгач эл өкүлдөрү Баткендеги айылдарды кыдырып, маселелер менен таанышат. Андан соң эл менен жолугушуп, болгон көйгөйлөрдү талкуулайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом