Кыргызстандыктар 23 өлкөдө мыйзамдуу ишке орношо алышат

Кыргызстандыктар 23 өлкөдө мыйзамдуу ишке орношо алышат

2022-жылы 12 миң кыргызстандык жаран чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношкон.  Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

«Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат. Министрликтин линиясы боюнча Улуу британия, Түштүк Корея, Германия, Япония менен жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлүп, Болгария, Финляндия менен келишимдер даярдалууда. Ошол эле учурда иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик, алардын ишмердүүлүгүн Эмгек министрлиги көзөмөлдөйт, дүйнөнүн 23 өлкөсүндө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт», — деди министр.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тарабынан тышкы жумуштуулук чөйрөсүндөгү иштин алкагында 12 миң кыргызстандык жумушка орношкон, алардын үчтөн бири аялдар. Дагы 66,3 миң адам жумушка орношуу боюнча консультация алышты.

Буга чейин Улуу Британияда 763төн ашык кыргызстандык жаран жумушка орношкондугу маалымдалган.

Англияга иштөө үчүн Кыргызстандан бир жылда канча адам кетти?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>