«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралуу

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Reporter.kg басылмасына окуучуларды эмгекке тарбиялоо менен алардын укуктарын бузуунун ортосундагы чек кайда экенин айтып берди. Мындай талкууга социалдык тармактарда ата-энелердин балдарын ишембиликтерге, тазалык иштерине катышууга жана сабактан тышкаркы ар кандай кара жумуштарды аткарууга мажбурлап жатышканына нааразы болгон көптөгөн талаш-тартыштары себеп болгон.
Эл өкүлү түшүндүргөндөй, Агартуу министрлигинин буйругу окуучуларды билим берүү максатында гана эмгекке тартууга жол берет. Мында жумуштар коопсуз болушу, ден соолукка зыян келтирбеши жана ата-энелердин макулдугу менен гана жүргүзүлүшү шарт.
Бекешев ошондой эле Балдар жөнүндө кодекс балдарды мажбурлап иштетүүгө тыюу саларын эске салды. Андыктан мектептер окуу процессине тиешеси жок чарбалык милдеттерди окуучуларга өз алдынча жүктөгөнгө укугу жок.
Анын пикиринде, окуу эксперименти үчүн жалбырак чогултуу, өсүмдүктөрдү багуу же класста нөөмөттө туруу толук жол бериле турган көрүнүш. Бирок оор эмеректерди көтөрүп ташуу эмгекке тарбиялоонун чегинен чыгып кетет жана баланын ден соолугу үчүн кооптуу болушу мүмкүн.
«Эмгек иштери так жазылышы керек: балдарга эмне кылганга болот, эмнеге болбойт. Маселен, биология сабагында эксперимент үчүн жалбырак чогултууга эмнеге болбосун? Же болбосо нөөмөтчү досканы сүртүп, гүлдөргө суу куйса болот. Бирок бизде иш балдарды түрмөдөгү камактагылардай пайдаланууга чейин жетип жатат: парталарды ташытышат. А баланын ден соолугу мындай жумушту аткарууга жарайбы же жокпу, аны бирөө текшерип көрдүбү?» — деди депутат.
Ал бир караганда жөнөкөй көрүнгөн тапшырма да окуучунун физикалык абалы эске алынбаса, кооптуу болуп калышы мүмкүн экенин баса белгиледи. Бекешевдин айтымында, эмгек иштери учурунда балдардын ден соолугуна зыян келтирилген учурлар буга чейин эле катталган.
«Андан кийин ким жооп берет? Баары эле: билген эмеспиз, көргөн эмеспиз, мен эмес деп чыгышат. Ошондуктан сабак учурундагы болобу же сабактан тышкаркы болобу, бардык эмгек иштери так регламенттелиши керек», — деп белгиледи парламентарий.
Депутат уруксат берилген тапшырмалардын тизмесин, аларды аткаруу шарттарын жана окуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти алдын ала аныктоо зарыл деп эсептейт.
Бекешев жайкы каникул учурунда окуучуларды тазалык иштерине тартуу боюнча да өзүнчө пикирин билдирди. Анын пикиринде, атүгүл уруксат берилген эмгек иштери да эс алуу маалында эмес, окуу мезгилинде гана өткөрүлүшү керек.
«Жайкы каникул убагында ата-энелер баласынын убактысын өздөрү каалагандай бөлүштүрүшү керек», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен толук маекти жакынкы арада Reporter.kg басылмасынын YouTube-каналынан көрө аласыздар.
Анара Мамытова