Садыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек

Президент Садыр Жапаров жакынкы беш жылда бийлик чет өлкөлүк инвестициялардын санына эмес, сапатына басым жасай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде айтты.
Жапаровдун айтымында, Кыргызстанга инвестиция салууну каалагандар «абдан көп», бирок ар бир сунушту кылдат талдап, мамлекетке да, инвесторго да пайдалуу кызматташтыкты түзүү зарыл. Мамлекет уруксат алуу, инвестициялык келишимдерди түзүү жана инвесторлорду коштоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү улантат.
«Инвесторлорго бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратып, аларды силердин артыңардан чуркаткандын ордуна, эгер ал чыныгы инвестор болсо, анын артынан өзүңөр чуркашыңар керек», — деди президент мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылып.
Ал ошондой эле жагымдуу инвестициялык климатты аткаруу бийлигинин гана аракети менен түзүү мүмкүн эмес экенин белгиледи. Инвестор өз укуктарын соттон тышкары тартипте да, сот аркылуу да коргой аларына ишениши керек. Анын айтымында, бул бийликтин үч бутагынын тең жалпы жоопкерчилиги.