Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Атабек Азисбеков дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады – видео
10.09.2022 | 15:29
Кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады.
Турнир бүгүн, 10-сентябрда Белградда башталды.
Атабеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 87 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, атаандашы – бразилиялык Рониссон Брандао Сантьяго менен күрөштү.
Аны кыргызстандык балбан 10:0 эсебинде жеңип алып, 1/8 финалга өттү.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт