Кумарбек Байдылдаев аскер прокурору болуп дайындалды

06.06.2026 | 18:00
Кумарбек Байдылдаев жыйналышта

Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары – аскер прокурору Жыргал Исмаилов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна аталган кызматка Кумарбек Байдылдаев дайындалды. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.

Исмаилов бул кызматка 2024-жылдын август айында дайындалган болчу.

Жаңы дайындалган Аскер прокурору Кумарбек Байдылдаев 1983-жылы 7-февралда туулган. Ал буга чейин Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын прокурору, тергөө жана ыкчам-издөө ишин көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жана бажы органдарындагы тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары, Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин директору болуп иштеген.

Scroll to Top