Балыкчыда этно бала бакча ачылды

Балыкчыда этно бала бакча ачылды

Бүгүн, 2-февралда, Балыкчы шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемеси – “Этно-бала бакчанын” салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын активи жана меймандар катышты.

Бул инновациялык долбоор, өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин каада-салтынын, нарк-насилинин жана маданий мурасынын адатында тарбияланууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Облус жетекчи Э.Абдыкадыров өз сөзундө улуттук баалуулуктар боюнча түшүнүктү жаш кезинен билип таалим тарбия алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Этно-бала бакчада» тарбиячылар балдарды маданиятыбыз менен сыймыктанууга, мекенчилдикке тарбиялоого жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кызыктуу иш-чараларды өткөрүп татыктуу инсандарды тарбиялоого салым кошот деп ишенем”, — деди облус башчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>