КМШ жана ШКУнун аскер прокурорлору Казанда чек араларды коргоо боюнча билдирүү кабыл алышты

Казанда КМШга катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында эки уюмдун башкы аскер прокурорлору жана аскердик-укуктук органдарынын жетекчилери жолугушту. Кыргызстанды Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары — аскер прокурору Кумарбек Байдылдаев өкүлчүлүк кылды.
Жолугушуунун негизги темасы чек ара коопсуздугун камсыз кылууда прокурордук көзөмөл жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө болду. Катышуучулар чек арага жакын аймактарда укук бузуулардын алдын алуу, контрабандага, курал-жарактын жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, ошондой эле миграциялык режимдин бузулушуна каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Кесиптик тажрыйба алмашууга жана мыйзамдуулукту, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында КМШга катышкан мамлекеттердин өкүлдөрү Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин аскердик-укуктук органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыктары Протокол менен бекитилди.
Ошондой эле Байдылдаев Орусиянын башкы прокурорунун орун басары — башкы аскер прокурору В. Петров жана Кытай Элдик-боштондук армиясынын аскер прокурору Сунь Сюцзюнь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Тараптар аскер прокуратураларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.