Балыкчыда турак үйлөрдү суу каптады — сүрөт

Балыкчыда турак үйлөрдү суу каптады — сүрөт

Бүгүн, 30-июль күнү саат 13:00 чамаларында жааган жамгырдан кесепетинен Балыкчы шаарынын Озёрная көчөсүндөгү турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине Балыкчы шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан 10 куткаруучу тартылып, мотопомпа атайын суу сордургучнун жардамы менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Мындан тышкары Балыкчы шаарынын айланма жолунда дагы суу каптоо катталып, коммуналдык техникалык кызматынын эки АС унаа тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>