Илон Маск Трамптын Украинага жаңы президент шайлоо чакырыгын колдодуКыргызстанда беш жылда чекене соодадагы базарлардын үлүшү 38%дан 33%га чейин төмөндөдүЭр-Рияддын аэропортуна кол салуу: 12 адам каза болуп, 309у жаракат алдыКыргызстандын башчысы өлкөнүн түштүгүнө эки күндүк сапар менен барат — Аскат АлагөзовТаттуу түшүм: Кыргызстанда 650 миң тонна кызылча жыйноо пландалуудаТрамп: Украинага жаңы лидер шайлоого убакыт келди — АКШ президенти дагы эмнелерди айтты
Банктар аралык соода доллардын курсунун өсүшү менен аяктады
14.06.2022 | 11:24
2022-жылдын 13-июнунда Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 1,3 миллион долларды сатып алышты.Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.
Бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен сумма 600 000 долларды, ал эми бүтүм жасалган күндөн башкача күндөгү эсептешүүлөр менен 700 000 долларды түздү. 12-июндагы аукциондо ири суммадагы АКШ доллары – 36 миллион 350 миң доллар сатылып алынган.
13-июнда АКШ доллары 1 доллардын ачылыш курсу 79,5 сомдон сатылып алынса, жабылуу курсу 79,54 сомду түздү. Америка валютасынын курсу акыркы жолу 1-июнда көтөрүлүп, анда ачылган курс 1 доллар үчүн 80,04 сомду түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика