«Бардыгы көчүрүлбөйт»: Дамир Осмонов кайсы ооруканалар шаар сыртына чыгарыларын айтты

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкектеги бардык ооруканалар калаа сыртына салынып жаткан медициналык шаарчага көчүрүлбөй турганын түшүндүрдү. Ал бул тууралуу АКИpress агенттигине өлкөдөгү медициналык мекемелерди модернизациялоо берген маегинде айтты.
Министрдин айтымында, тез жардам кызматы, шаардык көп тармактуу ооруканалар, поликлиникалар жана үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ) шаар ичинде ишин улантат. Себеби тез жардам кызматтары жарандардын жанында болушу керек.
Ал эми үчүнчү деңгээлдеги мекемелер — негизинен пландык тартипте жогорку технологиялык дарылоо менен алектенген республикалык борборлор шаардын четине көчүрүлөт. Бул борборлорго жүрөк-кан тамыр, нейрохирургиялык патологиясы бар жана органдарды алмаштырууга муктаж бейтаптар кирет.
Дамир Осмонов ошондой эле мындай модернизациялоонун себептерин түшүндүрүп өттү. Анын айтымында, учурда бейтаптар диагностика, томография жана операция үчүн ар кайсы мекемелерге барууга мажбур. Ал эми жаңы инфраструктура бардык дарылоо процесстерин бир жерге топтойт.
Ошондой эле жаңы клиникалар Бишкектин айланма жолуна жакын жайгашат. Бул аймактардан келген бейтаптардын шаар ичиндеги тыгындарга кирбей түз жетүүсүнө шарт түзөт.
Мындан тышкары министр долбоордо бейтаптарды коштоп келген жакындары үчүн жатаканалар, тоскоолдуксуз чөйрө жана навигация каралганын билдирди.