Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн армиялары арасында ок атуу боюнча чемпионат башталды

05.08.2026 | 16:31
Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн армиялары арасында ок атуу боюнча чемпионат башталды — Новости Кыргызстана

5-августта Кыргызстандын Коргоо министрлигинин 20636-аскер бөлүгүнүн базасында КМШга мүчө-мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматкерлери арасындагы XVII Спартакиаданын алкагында өткөрүлүп жаткан штаттык же табелдик куралдан ок атуу боюнча чемпионаттын ачылышы болду.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине катышуучу командалардын өкүлдөрү жана КМШ өлкөлөрүнүн коргоо ведомстволорунун аскер кызматкерлери катышты.

Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн армиялары арасында ок атуу боюнча чемпионат башталды — фото 7
КР Коргоо министрлигинин Аскерлердин күндөлүк ишмердүүлүгү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кожошев чемпионатты өткөрүү аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууга, аскердик-колдонмо спортту өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана КМШга мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы күжүрмөн бир туугандыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары көтөрүлгөн салтанаттуу аземден кийин, командалар мелдеш программасын аткарууга киришти.

Чемпионаттын жүрүшүндө аскер кызматкерлери АК-74 (АК-3) автоматынан жана Макаров (ПМ-3) тапанчасынан ок атуу боюнча көнүгүүлөрдү аткарып, жеке жана командалык биринчиликте эң күчтүүлөрдү аныкташат.

Scroll to Top