Жаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя бергенТажикстанда ЖККУнун атайын бөлүктөрүнүн «Кобальт-2026» машыгуусу өтөтЧума: Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди
Үч унаасын ээлеп алган: Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды
05.08.2026 | 15:32

Бишкекте жаранды жалпы 55 миң долларга алдап кетүүгө шектелип, 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын февраль айында белгисиз адам анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен «Toyota Avalon», «Kia K7» жана «Samsung» үлгүсүндөгү үч унаасын ээлеп алганын билдирген. Келтирилген материалдык зыян жалпы 55 миң долларды түзгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 21 жаштагы Н.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: алдамчылык, Бишкек