Азамат Намазалиев Аксы районунун акими болуп дайындалдыКР Министрлер кабинети: ШКУга коопсуз маалымат мейкиндиги зарылКара-Көл шаарынын мэринин кызматтан алынуу себеби белгилүү болду — толук маалыматБишкекте Olympic Day спорттук майрамы 21-июнда өтөтЫсык-Көлдө ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафоруму башталдыКадамжайда Бүргөндү магистралдык каналы кеңейтилет
Барскоондо 706 млн сомго кичи ГЭС курулат
06.06.2024 | 10:00
Барскоондо кичи ГЭС курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.
«Барскоон» кичи ГЭСин 706 млн сомго курууга пландалууда. Анын кубаттуулугу 7,5 МВт болуп, жылына 38 млн киловатт-саат электр энергия чыгарып турат. ГЭС үчүн керектүү жабдуулар Австриядан Global Gidro компаниясы аркылуу алынат.
Бул долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга созулган канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. ГЭС 2025-жылдын сентябрында ишке берилет деп пландалууда. 5-июнда анын курулушун баштоого капсула салынды.