Башкаруу формасы боюнча жыл сайын пикири алмашкан Турсунбек Акун – видео

Башкаруу формасы боюнча жыл сайын пикири алмашкан Турсунбек Акун – видео

Жаңы Конституциянын долбоорун колдоп чыккан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бир жыл мурун парламенттик башкаруу формасын өркүндөтүү тууралуу айтып жүргөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары Турсунбек Акундун мындан бир жыл мурун “5-каналдын” эфиринде сүйлөгөн сөзүн таап чыгышты.

Анда Турсунбек Акун президенттик башкаруудан элдин баары тажаганын, өлкөгө парламенттик башкаруу ылайыктуу экенин айткан.

“Атайын мыйзам иштелип чыккан, мурдагы президент, азыркы президент дагы парламенттик форманы колдоп, эл да колдоп жатат. Парламенттик формага толук өтүү үчүн убакыт керек,  бара-бара ага толугу менен өтүп кетет деген оюм бар. Бир парламенттикке анан кайра президенттикке өтө берелиби, анда кандай болуп калат? Парламенттик жолго өттүкпү муну өркүндөтүп кете беришибиз керек”, – деген ал бир жыл мурун.

Бийлик алмашкандан кийин Турсунбек Акун кайра президенттик башкаруу ылайыктуу экенин айтып, аталган башкаруу системасынын жигердүү колдоочусуна айланды.

Ал жакында эле Улуттук илимдер академиясында өтүп жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында сүйлөп жатып, Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршылыгын билдиргендерге сын айткан.

Ал эми Баш мыйзамдын жаңы долбоорун «күчтүү президент жана күчтүү парламенттин калыптанышына жол ачат” деген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>