Башкы прокуратура Артыкбаевдин туугандары 100 млн сом которгонун тастыктады

Башкы прокуратура Артыкбаевдин туугандары 100 млн сом которгонун тастыктады

Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевдин туугандары тарабынан бирдиктүү эсепке 100 миллион сом которулгандыгын тастыктады.

Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватованын айтымында которулган акчалар эми коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке которулмакчы.

 Буга чейин жогоруда сөз болгон акчанын которулгандыгы тууралуу Артыкбаевдин туугандарына таянып Kaktus.media басылмасы жазып чыккан.

Басылманын маалыматына караганда, бул сумма “Электр станциялары” ачык акционердик коому кытайдын “Эксимбанкынан” алган кредитти жабууга деп которулган.

Мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке айыпталып камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>