Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкектеги «Мадина» базарында ири өрт өчүрүлүүдө
30.08.2026 | 10:38

30-августта эртең менен Бишкектеги «Мадина» базарында ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМдин маалыматына караганда, өрт соода контейнерлеринин биринен чыккан. Жалын тез эле кошуна павильондорго жайылып кеткен.
Окуя болгон жерде беш өрт өчүрүүчү эсеп иштеп жатат. Куткаруучулардын иш-аракетин координациялоо үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Өрт өчүрүүчүлөр жалынды башка соода аянттарына жайылтпоо максатында, өрттүн негизги очокторун чектөөгө (курчоого алууга) киришти.
Өрттүн аянты, мүмкүн болгон жабырлануучулар жана өрттүн келип чыгуу себептери тууралуу маалымат такталууда.