Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта, отурумда кыргызстандык укук коргоочу Аскаровго байланыштуу маселе козголгону, «калыс жана ачык тергөө зарыл» экени айтылган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Брюсселдеги жыйынга министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев баштаган делегация катышканын кабарлады. Анда адам укуктарынын абалы, анын ичинде COVID-19 пандемиясында, укук коргоо жана шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү, сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги, жарандык коом, аялдардын жана балдардын укуктары, басмырлоого каршы күрөш маселелери козголду.
2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.
Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталган. Бирок кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.
«Бир дүйнө Кыргызстан» жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп таап, кайра кароого жол ачылганын «Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген эле.
Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айтып келүүдө.