Башкы прокуратура жол курууда бюджетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады

05.08.2026 | 10:23
Башкы прокуратура жол курууда бюджетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады — Новости Кыргызстана

Башкы прокуратура жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүп, мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады.

Мекеменин маалыматында, текшерүүдө №11 жана №4 жол эксплуатациялык ишканаларынын, ошондой эле «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары мыйзам бузганы белгилүү болгон. Алар Ак-Суу районундагы Жыргалан лыжа базасына баруучу жолду курууга жана Түп районундагы Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолуна шагыл төшөөгө субподрядчы катары «Д.Т.» ЖЧКсын тартышкан.

Аныкталгандай, аталган компания квалификациялык талаптарга жооп берген эмес жана тиешелүү иш тажрыйбасына, финансылык, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон эмес. Кызмат адамдары келишимдерди аткарууну камсыз кылган кепилдиктер жана аткарылган иштердин көлөмүн ырастоочу документтер жок болгонуна карабастан, уюмдун эсебине бюджеттик каражаттарды которушкан.

Ал эми «Д.Т.» ЖЧКсы алынган каражаттарды жол куруу иштерине эмес, башка максаттарга жумшаган. Натыйжада мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү» беренеси менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Scroll to Top