Быйылкы «Дүйнө сулуусу» сынагына Кыргызстандын атынан Саадат Асылбекова катышат

75-жолу өтө турган «Дүйнө сулуусу — 2026» (Miss World) эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан Саадат Асылбекова катышат. Бул тууралуу «Мисс Кыргызстан» улуттук сулуулук сынагынын дирекциясы жарыялады.
Юбилейлик сынак 2026-жылдын 9-августунан 5-сентябрына чейин Вьетнамда өтөт. Иш-чаранын ачылыш аземи Ханой шаарында, ал эми финалдык бөлүгү Нячанг борборунда уюштурулат. Ага дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүнөн өкүлдөр катышат.
Дирекциянын маалыматында, Саадат Асылбекованын талапкерлиги анын моделдик карьерасы жана эл аралык сынактардагы тажрыйбасы эске алуу менен бекитилген.
Саадат Асылбекова тууралуу эмнелер белгилүү?:
Ал 25 жашта, Талас шаарында туулган. Бою 180 см, англис тилинде эркин сүйлөйт. Бишкектеги «Билимкана – АУЦА» мектебин аяктаган. Les Roches Marbella окуу жайында «мейманкана бизнеси» адистиги боюнча бакалавр даражасын алган.
2022-жылы «Top Model of the World» эл аралык сынагында алдыңкы 15 катышуучунун катарына кирген. «Miss Bikini Kyrgyzstan 2016» титулунун ээси.
Учурда Саадат Асылбекова Италия жана Орусиянын моделдик агенттиктери менен кызматташып, Милан шаарында иштейт. Ал Vogue Italia сыяктуу долбоорлорго катышкан.