Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Ыңгайлуу: Бишкек мэриясы жарандарды коомдук транспортту колдонууга чакырды
05.08.2026 | 09:48

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана конокторуна жеке автоунаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырууда.
Муниципалитеттин маалыматында, жаңыланган автобус паркы жүргүнчүлөрдүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн заманбап шарттар менен камсыздалган. Ошондой эле автобустар экологиялык жактан таза күйүүчү май менен иштеп, абанын булганышын азайтууга салым кошууда.
Мэрия автобустарда жүргүнчүлөр үчүн төмөндөгүдөй шарттар түзүлгөн:
- накталай эмес төлөм системасы (банк карталары, QR-коддор, «Тулпар» картасы);
- коомдук транспорт үчүн атайын бөлүнгөн тилкелер;
- 60 мүнөттүн ичинде кошумча төлөмсүз башка каттамга кайра отуруп жүрүү мүмкүнчүлүгү.
Мындан тышкары мекеме коомдук транспортту колдонуу күйүүчү майга, унаа токтотууга жана техникалык тейлөөгө кеткен жеке чыгымдарды үнөмдөөгө жардам берерин белгилейт. Ошондой эле шаардагы жол тыгындарын азайтууга жана экологиялык абалды жакшыртууга алып келерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: автобус, Бишкек мэриясы