Башкы прокуратуранын ардагери Валентина Ефремова каза болду

Башкы прокуратуранын ардагери Валентина Ефремова каза болду

Башкы прокуратуранын ардагери Валентина Ефремова каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Ефремова Валентина Ивановна 9-апрелде 84 жаш курагында көз жумган.

Буга байланыштуу, Башкы прокуратура маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Валентина Ивановна 1937-жылдын 19-февралында Кыргыз ССРинде төрөлгөн. 1959-1964-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку советинин президиумунда иштеген.

1964-жылы кыргыз прокуратура органдарынын кызматкерлеринин катарына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун эмгек жолун Кыргыз ССРинин прокуратурасынын сот отурумундагы кылмыш иштерди кароону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп баштаган.

Валентина Ивановна прокуратура органдарындагы кызматтын ар түрдүү тепкичин басып өтүп, 1999-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ардагерлеринин катарын толуктаган.

Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>