Манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кеткенин ырастады

Манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кеткенин ырастады

«Манас айылы» этнографиялык комплексинин директору, манасчы Дөөлөт Сыдыков кечээки билдирүүсүнөн соң өлкөдөн чыгып кеткенин өзү “Азаттыкка” ырастады.

Ал кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Ошондой эле «кысым болду» деген маалыматтар чын экенин билдирип, ким, эмне себептен кысым кылганын тактаган жок.

«Жумушту өткөрүп бердим. Кетүүгө туура келди», — деп жазган Сыдыков.

Дөөлөт Сыдыков кечээ, 4-май күнү өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына “Манас айылы” комплексин жаңылоо боюнча кайдан-жайдан белгисиз долбоор президент Садыр Жапаровго көрсөтүлгөнүн, ал тараптан колдооп тапканын айтып, бирок, сынак боюнча утуп чыккан долбоор башка деп анын видеосун көрсөткөн. Ошол эле маалда жерлери кемип калганы айтып чыккан болчу.

Сыдыков “Манас айылынын” сынактан жеңген долбоорун көрсөттү (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>