Баткен: Эки айылдан өзгөчө кырдаал режими алынды

Баткен: Эки айылдан өзгөчө кырдаал режими алынды

Кыштут, Суу-Башы айыл өкмөттөрүндө өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары келип, ӨКМ кызматкерлери жана район акими Жарандык коргонуу кызматтары менен кошо жеринде жумуш алып барып, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2 айыл өкмөттө тең Өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар берилип, ар бир кызмат өз тармагы боюнча жумуш алып баруусу милдеттендирилген.

Кечээ, 15-июнь күнү Жарандык коргонуу башчысы-аким У.Жоробаевдин буйругуна ылайык, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында Өзгөчө кырдаал режими алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>