Кыргызстандан Өзбекстанга эреже бузууларга байланыштуу 25 тоннага жакын пияз кайтарылдыКанттагы адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча мас айдоочу кармалдыКасымалиев Бердымухамедов менен жолугушту: энергетика жана транспорт артыкчылыктуу багыт катары белгилендиАгартуу министрлиги мугалимдерди мектептеги оңдоо иштерине тартууга тыюу салдыКараколдо «Relax-Inn» инновациялык мейманкана комплекси курулатКыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт
Баткен мэриясынын мыйзамсыз аракеттери ачыкка чыкты
29.11.2022 | 19:56
Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Баткен шаардык мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен 0,15 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө Э.У. аттуу жарандын жеке менчигине бөлүнүп берилгендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жер тилкеси боюнча прокуратура сотко доо менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкенин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.
Облустук прокуратура тарабынан Баткен шаардык мэриясына келтирилген прокурордук актынын кароонун жыйынтыгында, жалпы 2 млн 100 миң сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар