Кыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстү
Баткен: Мөндүр аралаш жаандан улам сел жүрдү
18.05.2022 | 17:13
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, 18-май күнү саат 13:30дар чамасында Кадамжай районунда кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары түшкөн.
Кадамжай районунун Орозбеков көчөсүндөгү РИИБнүн имаратынын жертөлөсүнө жана Зведная көчөсүндө жайгашкан Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн огород участкасына кирген.
Ошондой эле, Кадамжай шаарынын Звездная көчөсүндө жайгашкан “Солнышко” балдар бакчасынын, лицей жана бир турак үйдүн короосуна сел суулары кирген.
Тазалоо иштерине 2 бөлүмдө 6 куткаруучу жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, учурда мотопомпа менен сууну тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом