Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Монголиянын өнөрпоздору Түркияда кара жорго бийлешти (ВИДЕО)
18.05.2022 | 17:28
Түркияда атчан жаа атуу боюнча эл аралык турнирге даярдык өтүп жатат. Машыгуу маалында Монголиядан келген өнөрпоздор кыргыз элинин кара жорго бийин бийлешти. Анын видеосун алар менен кошо жүргөн кыргыз жаачысы Аида Акматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.
Ал эми Reporter.kg кыргызстандык жаачы Аида Акматова менен байланышып, окуя туурасында маалымат алды.
Анын айтымында, аталган эл аралык турнирге 32 мамлекет катышып жатат. Мелдеш 20-майдан 22-майга чейин өтөт. Ушул тапта машыгуулар жүрүп жатат. Атчан жаа атуу боюнча дүйнө чемпиону Михай Козми машыктырууда.
Акматова машыгуу маалында Монголиядан келген өнөрпоздор кыргыздын кара жоргосун бийлегенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар