Баткен облустук медиага бюджеттен негизсиз каражат бөлүнгөн

Баткен облустук медиага бюджеттен негизсиз каражат бөлүнгөн

Баткен облустук медиа борбордун административдик имараты 11 млн 414 миң 987 сом бюджеттен негизсиз которулган. Бул туурасында Прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, прокурордук текшерүүдө, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлер өткөрүлгөн тендердин шартын бузуу менен, алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерге «аткарылды» деген негизде жеке жактарга 12 млн 480 миң 199 сомду мыйзамсыз которгону аныкталды.

Андан тышкары, Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн 1 млн 065 миң 212 сом негизсиз которулган.

Бул фактылар боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>