Баткен облусунда 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду

Баткен облусунда 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришинче  «Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен, Баткен облусундагы 22 орто мектепте Илимбокс – санариптик китепканасы орнотулду.

Долбоор Европалык Биримдик тарабынан каржыланган.

Китепканада кыргыз, орус жана англис тилдеринде адабияттарды тапса болот жана аларды интернети жок колдонууга мүмкүн.
Китепканадан англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөмчүлүк жана программалоо боюнча видео лекцияларды англис тилинде көрүүгө болот. Балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да камтылган.

Ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде санариптик китептердин, аудио жана видео лекциялары, ОРТ жана PISA тесттери китепкананын санариптик энциклопедиясында жайгашкан. Ал 500 дөн ашык кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулуучу китептерди, 300 дөн ашык педагогика, археология, мамлекеттик укук жана көркөмчүлүк боюнча китептерди камтыйт.
Мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу байланыша алат.

[su_image_carousel source=»media: 39301,39300,39299″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>