Баткен шаарына коменданттык саат киргизилет

Баткен шаарына коменданттык саат киргизилет

Баткен шаарына коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-2-3-апрель күндөрү Баткен районунун Бужум айылындагы машыгуу талаасында биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык «Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо- 2021» машыгуусу өтөт. Анын алкагында Баткен районуна жана Баткен шаарына 2-апрель күнү, кечки саат 20.00дөн 3-апрель таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилет.

“Коменданттык саат аскердик машыгуу үчүн киргилизет, жарандарга ыңгайсыздык жаратпайт. Ушул 10 саат ичинде, жарандардан тартипти сактоого жана кырдаалды түшүнүү менен мамиле жасоого чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле учурда аталган аймакта коюлуп жаткан блок посттор адамдарды текшерүүгө албасы,  алардан эч кандай пропуск талап кылынбасы кабарланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>