Баткен шаарында 22,8 млн сомго жаңы мал базар курулду

Баткен шаарында 22,8 млн сомго жаңы мал базар курулду

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жаңы муниципалдык мал базардын курулушу дээрлик аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мал базар 22,8 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган.

«Бул жайда мал алуучулар жана сатуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Кирген мал жандыктарына тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынат.

Базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот. Учурда базардын айланасы тосулган, атайын административдик имараты, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлары, бастырмалар курулуп бүттү», — деп билдирет өкүлчүлүк.

Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан эски  мал базар шаардын так ортосунда жайгашып тургандыктан, көчөлөрдө унаа тыгындары болуп, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынып,  Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,5 га жер аянты бөлүнүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>