Бакыт Жетигенов: Депутаттар мэр чай алып бербейт деп таарынышкан

Бакыт Жетигенов: Депутаттар мэр чай алып бербейт деп таарынышкан

Оштун мэри Бакыт Жетигенов шаардык кеңештин депутаттарынын ага ишенбестик көрсөтүү чечими боюнча пикирин Reporter.kg’ге билдирди.

Каала башчысы Ошко келгенден бери саясый интригаларга аралашпай, эч бир топторго ыктабай иш жүргүзүп жатканын белгилейт.

«Жакындарына кызмат сурап келгендер болду. Жок дедим, анткени мага бирөөнүн таанышы эмес, иштей алган адам керек. Мэриянын иштерине дагы аралыштырбадым. Саясый топторго эмес, элге кызмат кылайын деп жүрөм», — дейт Бакыт Жетигенов.

Анын айтымында, шаардык кеңеш кабыл алган токтомдордун 95 пайызы аткарылган, 5 пайызынын бир тобу мурдакы мэрдин учурунда ишке ашпай калган.

Бакыт Жетигеновдун пикиринде, жергиликтүү депутаттар жеке кызыкчылыгына таянып бүтүм чыгарышты.

«Мэрия мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүп келет. Шаарда жоболорду бузуп курулган объекттердин арасында депутаттардыкы дагы бар экен. Ошол депутаттар бүгүн ишенбестик көрсөтүүнү сунушташты» — дейт Бакыт Жетигенов.

Мэр 2 апта мурда шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков менен жолуккан.

«Төрага депутаттардын мага таарынычын билдирди. Жолугушууда «чай алып бербейсиңер, жакшы көңүл бурбайсыңар, чет жакка командировкаларга алып барбайт экенсиңер», — деп айтты», — дейт каала башчысы.

Бакыт Жетигенов Ошту өнүктүрүү боюнча программасы жана бир топ пландары бар экенин, анын баарын ишке ашырууга аракет жасарын билдирди.

Белгилей кетсек,  облус башчыларын, район акимдерин жана республикалык, облустук маанидеги шаар мэрлерин президент кызматка коюп, бошотот. Андыктан Бакыт Жетигенов шаардык кеңештин чечимине карабай ишин уланта берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>