УКТ мүчөсүнүн өлүмү: Сот кылмыш ишин кайра тергөө үчүн милицияга жөнөткөн

УКТ мүчөсүнүн өлүмү: Сот кылмыш ишин кайра тергөө үчүн милицияга жөнөткөн

Быйыл 13-январга караган түнү Ош шаарында болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү боюнча сотко өткөрүлгөн кылмыш иши кошумча тергөө жүргүзүү үчүн милицияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош шаардык сотунан билдиришти.

Шаардык соттон билдиришкендей, прокуратура тарабынан ишти кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтирилип, сот 27-июлда эле ишти кошумча тергөө жүргүзүү үчүн милицияга жөнөткөн. Бул иш боюнча кармалган адамдар камакта отурат.

Ал эми Ош шаардык милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, аларга кылмыш иши август айында келип түшкөн. Учурда аталган иш милицияда тергелип жаткан. Бул иш боюнча 7 адам шектүү катары өтүп, дагы бирөөсү издөөдө жүрөт.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Арматура менен сабалган жаран 4-февраль күнү бейтапканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандыралык экени жана дарыланууну амбулатордук түрдө улантары айтылган. Ооруканадан чыккандан кийин ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Кийинчерээк шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган.

30-мартта бул иш боюнча дагы бир шектүү кармалганы кабарланган.

Кийин бул иш сотко өткөрүлүп, 12-майда алдын ала соттук кароо болуп өткөн.

Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 122 (адам өлтүрүү), 37 (кылмыш жасоого аракеттенүү), 262 (кылмыштуу коомдоштукту түзүү), 367-беренелери (кылмышты жаап жашыруу) боюнча айып тагылган.

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Иш сотто каралууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>