Бишкекте кышкы мезгилге карата 190 орундуу баш калкалоочу жайлар ачылдыАла-Арчада жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү тоңгон абалда табылдыКыргызстанда «Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы өтүүдөСалык кызматы ишкерлерди товарларын жаңы каталог менен салыштырууга чакырдыПайдубалы курулуп бүтө элек үйлөрдү жарнамалаган эки компания лицензиясынан ажырадыКыргызстандыктар Сейшел аралдарына 30 күнгө визасыз бара алышат
Баткен: Жабыр тарткандардын саны 59га жетти
16.09.2022 | 21:25
Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрь күнү саат 20:00гө карата (оперативдүү маалымат) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына бардыгы болуп 59 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
Алардын көбү денесине ок тийгендер жана жарылуудан жараат алгандар. Баткен облустук бириккен ооруканасында 26, Лейлекте 18, Кулундуда 3, Улуттук госпиталда 3, Улуттук хирургия борборунда бир жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбордо 5 бейтап дарыланып жатат.
Каза болгон учурлар боюнча маалымат такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар