УКМК: Тажик аскерлери Баткенде социалдык обьектилерге чабуул жасоодо

УКМК: Тажик аскерлери Баткенде социалдык обьектилерге чабуул жасоодо

Макулдашууларга карабастан, тажик аскерлери чек ара периметри боюнча чек ара заставаларына чабуул жасап жатат. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда,  заставалардын инфраструктурасын гана эмес, мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттар, үйлөрдү ж.б. соода түйүндөрү сыяктуу социалдык объектилерди да талкалаган.

Алар улутчулдук ураандарды кыйкырып, акарат келтирип, постто каза болгон Кыргыз Республикасынын чек арачыларынын сөөгүн шылдыңдашып, пропагандалык максатта пайдалануу үчүн фото жана видеолорду таратып жатышат.

Өздөрүнүн Кыргызстанга каршы саясатынын алкагында, фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылып, алар фото жана видео жазууларды өздөрүнө ыңгайлуу шартта колдонушу ыктымал.

Мындан улам КР УКМК чек аранын эки тарабындагы коомчулукту кырдаалга кыраакылык менен объективдүү баа берүүгө чакырып, эки боордош жана кошуна элдин ортосуна араздашууну, баш аламандыкка алдырбоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>