Баткенде 1 млн долларлык аткезчилик товарлар табылды — видео

Баткенде 1 млн долларлык аткезчилик товарлар табылды — видео

Баткенде 1 млн долларлык аткезчилик жүктөр табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 3-февралда Кадамжай районунда коңшу өлкөлөргө мыйзамсыз товар ташуу (ташып келүү) менен алектенген жарандарша тиешелүү 20 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

«Э.Ш.Н., А.Н.А., С.С.А. жана А.Т.К. аттуу жарандарга тиешелүү даректерде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 4 миң 377 телевизор, 3 миң 162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна түстүү металл (жез), 11 миң 220 доллар жана 504 миң сом накталай акча, ошондой эле баасы 1 млн долларга жакын башка керектөө товарлары алынган», — деп билдирет УКМК.

Учурда товардын баасын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>