Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөт
Баткенде 10 миң орундуу стадион курулат
27.08.2025 | 11:02

Баткен облусунда чоң спорттук инфраструктуралык долбоор башталууда. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аймакта 10 миң орундуу стадион курулат.
Объекттин өзгөчөлүктөрү:
- Жалпы аянты — 10 гектар
- 3 чоң жана 4 кичи футбол аянтчасы
- 120 орундуу беш кабаттуу жатакана
- 200 унаага ылайык унаа токтотуучу жай
Маалыматта белгиленгендей, жаңы стадион Баткенде аймактык, улуттук жана эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жол ачат.
Эске салсак, буга чейин Өзгөн шаарында жаңы стадион пайдаланууга берилген, Ош шаарында болсо борбордук стадионду реконструкциялоо иштери башталган.
Рубрики: Жаңылыктар