Баткенде 3 тоннадай жүзүм ташып келаткандар кармалды

Баткенде 3 тоннадай жүзүм ташып келаткандар кармалды

Кадамжай районунда жалпы салмагы дээрлик 3 тоннага жакын жүзүм жана алчаны мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Булак айылында Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жараны Ж.К.К.нын башкаруусундагы «Volkswagen LT 46» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Бажылык текшерип кароодо унаанын жүк бөлүгүнөн ар бири 7,5 кг салмактагы 15 коробкада жүзүм; 357 кутуда 7,9 кг өлчөмүндө алча табылган.  Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болгон.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2938,8 кг түзгөн.  Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, товардын орточо базар баасы 438 миң 795 сомду түзгөн.

Факт боюнча чогултулган материалдар Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>