Министр Текебаев орун басарынын үйүнүн тосмосу бузулганын айтты

Министр Текебаев орун басарынын үйүнүн тосмосу бузулганын айтты

Бишкектин көчөлөрүнүн бирине тротуар курууга тоскоол болуп жаткан транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиевдин үйүнүн тосмосу өз каалоосу менен бузулду. Бул тууралуу министр Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мыйзам баарына бирдей.

“Орун басарымдын үйүнүн тосмосу өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40 ашык үйдүн тосмолору бузулуптур. Мыйзам баарына бирдей! Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү”, — деди ал.

Буга чейин Бишкектин көчөлөрүнүн бирине тротуар курууга транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиевдин үйүнүн тосмосу тоскоол болуп жатканы маалымдалган.

Маалым болгондой, Эр-Тайлак көчөсүндөгү Арча-Бешик конушунда курулуш иштери жүрүп жатат. Алар жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу болушу үчүн жолду асфальттап, тротуар менен жабдууну көздөшүүдө. Бирок көчөдөгү үйлөрдүн биринин тосмосу түз эле жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймакка кеткендиктен, тротуарды төшөө иштерин бүтүрүү мүмкүн болбой жаткан. Жергиликтүүлөр үйдүн тосмосу чиновникке таандык экенин айтышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>