Кыргызстанда өзгөчө абалды киргизүүнүн негиздерин кеңейтүүнү каалашат — толугу менен

Кыргызстанда «Өзгөчө абал жөнүндө» жана «Согуштук абал жөнүндө» конституциялык мыйзамдарын өзгөртүү сунушталууда. Мыйзам долбоору коомдук талкуулар порталына жарыяланды.
Өзгөртүүлөрдүн демилгечиси — Кыргызстандын Коргоо министрлиги. Түзөтүүлөр өзгөчө абалды (ӨА) киргизүүнүн негиздерине, Куралдуу Күчтөрдү тартууга, коменданттык саатка, аба мейкиндигин пайдаланууга жана капыстан кол салуу болгон учурда аскер кызматкерлеринин аракеттерине тиешелүү.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, өзгөртүүлөр улуттук коопсуздукка болгон заманбап коркунучтарды жана мамлекеттик органдардын кризистик кырдаалдарга чара көрүү тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан.
Коргоо министрлиги мамлекеттик чек арадагы куралдуу кагылышууларды, террористтик коркунучтарды жана диверсиялык ишмердүүлүктү өзүнчө белгилейт.
Теракттар жана чек арадагы куралдуу жаңжалдар
Маанилүү өзгөртүүлөрдүн бири — ӨА киргизилиши мүмкүн болгон жагдайлардын тизмесин кеңейтүү.
Колдонуудагы мыйзамга терроризм актыларын, ошондой эле чек арага чектеш аймактардын калкынын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган чек арадагы куралдуу инциденттерди жана чыр-чатактарды түздөн-түз киргизүү сунушталууда.
Демилгечи мындай түзөтүүлөрдүн зарылдыгы акыркы жылдары мамлекеттик чек арадагы кырдаалдын татаалдашы менен да байланыштуу экенин түшүндүрөт.
Ири кризистерде аскерлерди тартууга мүмкүн болот
Мыйзам долбоору ӨА учурунда Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү тартуунун шарттарын тактайт.
ӨА киргизилгенде же биологиялык, социалдык жана жаратылыштык-техногендик факторлордон улам келип чыккан кризистик кырдаалдардын масштабы чоңойгондо, эгерде укук коргоо органдарынын жана жарандык коргонуу органдарынын күчтөрү кырдаалды чектөөгө жана жөнгө салууга жетишсиз болсо, аскерлер тартылышы мүмкүн деп белгилөө сунушталууда.
Коопсуздук кеңеши ыкчам башкаруунун жогорку органы макамын алат
ӨА киргизилгенде же кризистик кырдаалдын масштабы кеңейгенде, Коопсуздук кеңешин күчтөрдүн жана каражаттардын аракеттерин ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы катары аныктоо сунушталууда.
Мындан тышкары, зарылчылыкка жараша бир же бир нече административдик аймактарда аймактык координациялык штабдар түзүлүшү мүмкүн.
Аба мейкиндигин убактылуу жабууга мүмкүн болот
Дагы бир түзөтүү Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдалануунун өзгөчө укуктук режимин орнотуу жана аны пайдаланууга убактылуу тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Мындай ыйгарым укуктарды өзгөчө абал режими үчүн да, согуштук абал режими үчүн да бекитүү сунушталууда.
Капыстан кол салуу болгондо, аскерлер согуштук абалдын киргизилишин күтпөстөн аракеттене алышат
«Согуштук абал жөнүндө» мыйзамга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Эгерде Кыргызстанга капыстан кол салуу болсо же курал-жарак менен аскердик техниканы колдонуу аркылуу чектелген масштабдагы куралдуу инциденттерди, аскердик акцияларды жана башка кагылышууларды кошкондо иш жүзүндө согуштук аракеттер башталса, аскердик башкаруу органдары жана башка аскердик түзүлүштөр агрессиянын мизин кайтаруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү болот.
Мында согуштун расмий жарыяланышын же согуштук абалдын киргизилишин күтүүнүн кажети жок.
Коменданттык саат жана эреже бузгандарды кармоо
Түзөтүүлөр ошондой эле коменданттык сааттын (КС) эрежелерин тактайт. Согуштук абал учурунда аны аймагын, колдонуу мөөнөтүн, жарандардын укуктарын жана юридикалык жактардын ишин убактылуу чектөөлөрдү көрсөтүү менен президенттин жарлыгы аркылуу киргизүү сунушталат.
КС учурунда жарандарга, анын ичинде чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине атайын берилген уруксат кагаздары (өткөрмөлөрү) жана өздүгүн тастыктаган документтери жок көчөлөрдө, башка коомдук жайларда же өз үйүнөн тышкары жүрүүгө тыюу салынат.
Эреже бузгандарды аскердик патрулдар КС аяктаганга чейин кармай алышат. Эгер адамдын документтери жок болсо, анын өздүгү такталганга чейин, бирок эки суткадан ашпаган мөөнөткө кармоого болот. Ошондой эле жеке текшерүү, буюмдарды жана транспорттук каражаттарды текшерүү мүмкүнчүлүгү да каралган.
Аскердик цензура
Мыйзам долбоору аскердик цензура тууралуу ченемди тактайт. Согуштук абал учурунда ал почта жөнөтмөлөрүнө, кат-кабарларга, телекоммуникациялык системалар аркылуу берилүүчү жана ЖМКларда жарыялануучу билдирүүлөргө, ошондой эле Кыргызстандын ичинде да, чет мамлекеттер менен да жүргүзүлгөн жарандардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнө жайылтылышы мүмкүн.
Массалык иш-чаралар
Согуштук абал учурундагы чаралардын тизмесинде уюмдардын ишин чектөөгө жана иш таштоолорду өткөрүүгө байланыштуу колдонуудагы аныктаманы кеңейтүү сунушталууда. Долбоордо башка коомдук бирикмелер жана массалык иш-чаралар кошумча эске алынган.
Аймактык коргонуу комитеттери
Мыйзам долбоору ошондой эле аймактык коргонуу комитеттерин бекитет. Алардын курамына жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана министрликтер менен ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин киргизүү сунушталууда.
Мындан тышкары, Куралдуу Күчтөрдүн башкы кол башчысынын директивалары түрүндө таризделген Коопсуздук кеңешинин чечимдерин Кыргызстандын бүткүл аймагында аткаруу үчүн милдеттүү кылуу сунушталат.
Коргоо министрлиги бул өзгөртүүлөр мамлекеттик органдардын ортосундагы ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүүгө жана калкты, мамлекетти жана критикалык инфратүзүм объектилерин коргоо боюнча кошумча укуктук механизмдерди түзүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.
Долбоор кабыл алынгандан кийин «КРнын коргонуусу жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө», «КРнын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» мыйзамдарына жана Коргоо министрлиги жөнүндө жобого да тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.
Түзөтүүлөр кабыл алынган учурда мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Министрлер кабинетине өз чечимдерин жаңы ченемдерге ылайык келтирүү үчүн алты айлык мөөнөт берилет.
Анара Мамытова